• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргыз-дания кызматташтыгынын актуалдуу маселелери талкууланды

Саясат 0

Бишкек, 23.06.21. /Кабар/. Бүгүн, 23-июнда КР тышкы иштер министри Руслан Казакбаев резиденциясы Москва шаарында жайгашкан Даниянын Кыргызстандагы элчиси Карстен Сендергорд менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө элчи Сендергард министр Казакбаевге ишеним грамоталарынын көчүрмөлөрүн тапшырды.

Тараптар эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты. Атап айтканда, органикалык өндүрүш жана айыл чарба продукциясын, анын ичинде органикалык продукцияны сертификаттоо, мал чарбасын, туризмди өнүктүрүү жаатында кызматташуунун келечеги, ошондой эле Кыргызстандын ВСП+ макамын эске алуу менен бирге кыргызстандын экспорттук продукциясын Данияга жана жалпы эле Европа биримдигине чыгаруу зарылчылыгы белгиленди.

Соода-экономикалык кызматташууну мындан ары кеңейтүү максатында кыргыз тарабы Даниянын делегациясын ушул жылдын ноябрь айында Бишкекте өтө турган ЕБ-БA 1- экономикалык форумуна катышууга чакырды.

Коррупцияга каршы күрөшүү, эки тараптуу соода жана инвестициялык байланыштар, "жашыл экономика" алкагында кызматташуу жана жаңыланып туруучу энергия булактар жаатында өз ара аракеттенүүнү активдештирүүгө көңүл бурулду.

Баарлашуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Даниянын эл аралык уюмдардын алкагындагы өз ара аракеттенүү маселелери дагы талкууланды.

Пикир

Оставить комментарий