• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Дене тарбия жана спорт департаментинин директору Беларустун спорт министри менен жолукту

Спорт 0

Бишкек, 10.08.23./Кабар/. Кыргызстандын Дене тарбия жана спорт департаментинин директору Айбек Абдымомунов Беларустун спорт министри Сергей Ковальчук менен жолукту.

Жолугушуу Беларуста өтүп жаткан КМШ өлкөлөрүнүн II оюндарынын алкагында өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө Сергей Ковальчук Беларусь мамлекети спорт тармагында Кыргызстан менен кызматташууга, өспүрүмдөр жана жаштар арасында спортту өнүктүрүүгө жана тажрыйба алмашууга кызыкдар экенин айтты.

Айбек Абдымомунов Беларусь элинин меймандостугуна ыраазычылык билдирип, эки өлкөнүн спорт тармагындагы кызматташтыгын колдорун билдирди.

Ошондой эле ал спорттун түрлөрү боюнча Эл аралык окуу-машыгуу жыйындарын өткөрүүгө даярдыгын айтты.

Эскерте кетсек, ушул тапта Беларустун 10 шаарында КМШ өлкөлөрүнүн II оюндары өтүп жатат. Оюндарга спорттун 22 түрү боюнча 22 мамлекеттен 2 миңден ашуун спортчу катышууда.

Аталган мелдештерде ошондой эле 200дөн ашуун кыргыз спортчусу спорттун 17 түрү боюнча күчүн сынап жатат. 4 августта башталган оюндар 14-августта жыйынтыкталмакчы.

Пикир

Оставить комментарий