• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

«Дене тарбия жана спорт жѳнүндѳ» мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

Президент 0

Бишкек, 21.07.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Дене тарбия жана спорт жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын мыйзамына ѳзгѳртүүлѳрдү киргизүү тууралуу” КР мыйзамына кол койду.

Мыйзам КР Жогорку Кеңеши тарабынан 2020-жылдын 10-июнунда кабыл алынган.

Аталган мыйзам спортто тыюу салынган ыкмаларды жана субстанцияларды колдонууга жол бербөө менен спортчулардын таза атаандаштыкка негиз салуучу укуктарын коргоо жана дене тарбия менен спорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын ишиндеги коррупциялык тобокелдиктерди азайтуу максатында кабыл алынган.

Мыйзам спортто Допинг менен күрөшүү жөнүндө эл аралык конвенциянын алкагында алынган милдеттенмелерди аткаруу, дене тарбия жана спорт боюнча ыйгарым укуктуу органдын КР Коопсуздук кеңеши тарабынан жактырылган толук планын ишке ашыруу, ошондой эле дене тарбия жана спорт чөйрөсүндө ченемдик- укуктук базаны өркүндөтүүгѳ багытталган.

Мыйзам, расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирүүчү ушул мыйзамдын 1-беренесинин 5-пунктун кошпогондо, расмий жарыяланган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.

КР Өкмөтү ушул мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул мыйзамга ылайык келтирүүсү зарыл.

Пикир

Оставить комментарий