• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Депутат Байбакпаев: Ысык-Көлдө 83 таштанды жайлары бар, аларды кайра иштетүүчү ишкана жок

Коом 0

Бишкек, 02.03.19 /Кабар/. Ушу тапта Ысык-Көл облусунун аймагында 83 таштанды жайлары жайгашкан, аларды кайра иштетүүчү ишкана жок. Бул тууралуу депутат Экмат Байбакпаев билдирди.

Жогорку Кеӊеште "Ысык-Көл" биосфералык аймагында полиэтилен пакеттерин жана пластик идиштерин ташып киргизүүгө, өндүрүүгө, сатууга жана пайдаланууга тыюу салуу жөнүндө" жана "КР Бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоорлорун талкуулоого арналган парламенттик угуу өттү.

Демилгечилердин бири депутат Экмат Байбакпаев Ысык-Көл полиэтилен пакеттеринин жана пластик идиштеринин жагымсыз таасирин кыскартууга багытталган мыйзам долбоорлору иштелип чыкканын айтты.

"Андан тышкары, таңгактоочу материалдардын жаңы өндүрүшүнө колдоо көрсөтүү, жаратылышка зыян келтирбеген материалдарды өндүрүү технологиясын өнүктүрүү демилгеси көтөрүлүүдө", - деди ал.

Баяндамачы пластик мунайзатты кайра иштетүү өнүмү болгондуктан, чиригенде коркунучтуу заттарды бөлүп чыгарын, чирүү жүрүмү 50 жылдан 500 жылга чейинки убакытты талап кыларын белгиледи.

"Ысык-Көл облусунун аймагында 83 таштанды жайлары жайгашкан, анын ичинде 24ү санкциаланган жана 58и санкциаланган эмес. Алардын жалпы аянты 49,35 га. Ысык-Көлдө катуу турмуш-тиричилик калдыктарын кайра иштетүүчү ишкана жок", - деп кошумчалады Байбакпаев.

Пикир

Оставить комментарий