• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Депутат Ала-Букадагы Орто-Токой суу сактагычы кайтаруусуз турганын билдирди

Коом 0

Бишкек, 27.12.18 /Кабар/. Депутат Азизбек Турсунбаев Ала-Бука районундагы Орто-Токой суу сактагычын кайтарган 50дөй милиция кызматкерине айлык төлөнбөй, суу сактагыч беш айдан бери кайтаруусуз калгандыгын экинчи ирет көтөрдү. Бул маселени депутат Жогорку Кеңештин жыйынында көтөрүп, өкмөттү бул маселеге көңүл бурууга чакырды.

Депутаттын айтымында, буга тиешелүү министрликтен маселе чечилбей тургандай жооп келген, деп кабарлады парламенттин басма сөз кызматы.

"Стратегиялык обьект үчүн милиция кызматкерлерине акы төлөө маселесин отуруп чечип койсо болбойбу?!", – деди депутат.

Мындай объектилердин кароосуз калуусу мүмкүн эмес, – деп кошумчалады депутат.

Эске салсак, Орто-Токой суу сактагычы Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда, кыргыз-өзбек чек ара сызыгынан 13 чакырым ичкери жайгашкан.

2018-жылдын башынан тарта суу сактагычты кайтаруу Кыргызстанга өткөн.

Кыргыз өкмөтүнүн маалыматына караганда, Орто-Токой Кыргызстандын 1,5 миң гектар, Өзбекстандын 28 миң гектар жерин сугарат.

Пикир

Оставить комментарий