• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Депутаттар Мамлекеттик каржы чалгындоо кызматынын мыйзам долбоорун кароону 2012-жылдан бери создуктуруп келишет

Коом 0

Бишкек, 22-март /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Кыргызстан Евразиялык кылмыштык кирешелерди мыйзамдаштырууга жана терроризмди каржылоого каршы күрөшүү боюнча тобунун (ЕАТ) “боз” тизмесине кайрадан кирүү коркунучу бар. Бул тууралуу брифингде Мамлекеттик каржы чалгындоо кызматынын уюштуруу-укуктук бөлүмүнүн башчысы Чыңгыз Кененбаев билдирди.

Анын айтымында, 27-марттан 7-апрелге чейин Кыргызстанга эксперт-баалоочулар келишет.

“Негизни миссиясы акчалардын изин жашырууга, терроризм жана экстремизмди каржылоого каршы күрөшүү боюнча кырдаалды дүйнөлүк талаптарга ылайык баалоо болуп саналат. Биринчиден, бул багыттагы мыйзам долбоору канчалык натыйжалуу колдонулуп жатканы изилденет. Экинчиден - өлкөнүн мыйзам чыгаруу жаатынын техникалык дал келүүсү. Кыргызстан 2004-жылы курамына 9 мамлекет кирген ЕАТга мүчө болгон. Текшерүүнүн 1-раундунда Кыргызстан 2007-жылы төмөн баа алган. 2012-жылы биз “боз” тизмеге киргенбиз. Тактап айтканда, кооптуулугу жогорку мамлекеттердин тизмесине. Буга байланыштуу өлкөбүзгө карата каржылык санкциялар колдонулган. Парламент жана өкмөттүн аткарган иштеринен соң Кыргызстан 2014-жылы бул тизмеден чыккан. Учурда 2-раунд жүрүп жатат. Биз мында жогорку баа алышыбыз керек”, - деп түшүндүрдү ал.

Ошондой эле, Ч.Кененбаев өлкөнүн “боз” тизмеге түшүп калышы республикадагы кырдаалга терс таасирин тийгизерин билдирди.

“Анын ичинде бул инвестициялык жагымдуулукту төмөндөтүп, башка мүчөлөр өлкөбүзгө карата каржылык санкцияларды колдонуп, кыргызстандыктардын чет өлкөлөрдөгү каржы ишмердиги кыйындайт. Эгер жарандарыбыздын чет өлкөлөрдө эсептери болсо, алар кооптуулугу жогорку катары бааланат. Тактап айтканда, алардын документтердин көлөмдүү топтомун талап кылышат. Ошондой эле, европа өлкөлөрү мамлекетибиз менен банктык мамилелерди токтотот. Бул атамекендик каржы мекемелерине терс таасирин берет. Мындай көйгөйлөрдөн алыс болуу үчүн, экинчи раунддун жүрүшүндө төмөнкү баалоо албоого тийишпиз” , - деп кошумчалады Ч.Кененбаев.

Мындан тышкары, ал тиешелүү натыйжага ээ болуу үчүн эл аралык уюмдун талаптарын аткаруу зарылдыгын белгиледи.

“Бул үчүн жаңы мыйзам кабыл алуу керек. Себеби, 2012-жылы ФАФТ жаңы сунуштамаларды кабыл алган. Алар улуттук мыйзам базасына киргизилиши керек. Мыйзамдын жаңы долбоору парламентте 2012-жылдан бери, бирок депутаттар аны карабай жатышат. Комиссиянын иши аяктаганга чейин, мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынса дурус болмок. Андан соң өкмөттүн натыйжалуу иши талап кылынат. Себеби, укук коргоо органдарынын, сот тутумунун ишмердиги текшерилет” , -деп кошумчалады ал.

Пикир

Оставить комментарий