• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Депутаттар ЖЭБдеги авария үчүн Улуттук энергетика холдингинин жетекчисин жоопкерчиликке тартуунун талап кылышууда

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 31.01.18. /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Депутат Искендер Матраимов Бишкек ЖЭБде болгон авария үчүн жоопкерчиликти өкмөт башчыга эмес, Улуттук энергетика холдингинин жетекчисине жүктөө керектигин талап кылууда.

Ага премьер-министр Сапар Исаков жооп катары, насостун бузулушун эч ким алдын ала билген эмес жана ал каалаган учурда, жада калса жайында да бузулуп калышы мүмкүн эле деп билдирди.

“Суроо башка нерседе, насос жайында ачылдыбы же жокбу. Тийиштүү комиссия териштирүү жүргүзөт. ЖЭБдин жетекчилиги мага эмне десе да, мен аларга ишенбеймин”,-деп билдирди ал.

Кадр маселеси боюнча өкмөт башчы билдиргендей, Улуттук энергетика холдингинин жетекчисине Бишкек ЖЭБ директорун жана катачылык кетирген “Электр станциялары” ААКнын тиешелүү адамдарын кызматтан алууну тапшырды.

“Бул башында гана. Териштирүүдөн кийин чиновниктер дагы жоопко тартылат”,-деп кошумчалады ал.

Пикир

Оставить комментарий