• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Орто-Сайда белгисиз бирөөлөр номери жок унааны таштап кетишкен, ал кырсыктан кийин болушу мүмкүн

Коом 0

Бишкек, 31.01.18. /Тумара Туратбекова – Кабар/. Бишкектин түштүгүндөгү Орто-Сай айылында номери жок “Мерседес Бенц” үлгүсүндөгү унааны таштап кетишкен. Күбөлөрдүн айтымында, унаанын айдоочусу кимдир-бирөөнү коюп кеткен болушу мүмкүн.

“Унааны түнү Орто-Сайда таштап кетишкен, биз аны эртең менен көрдүк. Ал коңшулаш эмес. Шаарда кимдир-бирөө коюп кетип, унааны бул жакка таштап кетишкендиги көрүнүп турат. Номери чечилген, алдыңкы айнеги жана асты сынган, майы куюлуп калган. Айдоочу бул жакка араң айдап жеткен болушу мүмкүн, себеби азыр аны айдап жүрүүгө мүмкүн болбой калган”,-деп кабарлашты “Кабар” агенттигине күбөлөр.

Жергиликтүү тургандар милиция чакыртышкан.

Пикир

Оставить комментарий