• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

«Көчө-жол тармагын өнүктүрүү» долбоорунун III фазасы. Бишкекте транспорттук түйүндөрдү куруу пландалууда

Коом 0

Бишкек, 24.03.22. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров Кытайдан келген гранттын негизинде борбор калаанын жолдорун оңдоп жаткан China Road and Bridge Corporation компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушууда тараптар «Бишкек шаарынын көчө-жол тармагын өнүктүрүү» долбоорунун үчүнчү фазасын ишке ашырууну баштоону талкуулашты.

"Үчүнчү этаптын алкагында транспорттук түйүндөрдү куруу пландаштырылууда. Курулуш тыгын маселесин чечип, шаар жолдорунун олуттуу бөлүгүн жеңилдетет", - деп айтылат билдирүүдө.

Өз кезегинде, компаниянын өкүлдөрү долбоордун экинчи фазасын ишке ашырууда пайда болгон айрым техникалык көйгөйлөрдү чечүүгө көмөк көрсөтүүнү суранышты.

Жолугушуунун соңунда шаар мэри жаралган маселелерди чечүүгө шаардык кызматтар колдон келген жардамын көрсөтөрүн билдирди.

Белгилей кетсек, долбоордун 3-фазасынын алкагында транспорт түйүндөрүн жана эстакадаларды куруу төмөнкү жерлерде каралган:

- Фучик жана Л.Толстой көчөлөрүнүн кесилишинде;
- Жаш Гвардия бульвары менен Л.Толстой көчөсүнүн кесилишинде;
- Анкара менен 7-апрель көчөлөрүнүн кесилишинде;;
- Сүйүмбаев жана Т.Айтматов көчөлөрүнүн боюна Л.Толстой көчөсүнө чыгуучу эстакадалык өтмөктөрдү куруу.

Пикир

Оставить комментарий