• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Дипломатиялык академиянын ролун аналитикалык борбор катары күчөтүү маселеси талкууланды

Коом 0

Бишкек, 29.03.24. /Кабар/. Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Тышкы иштер министрлигинин Казы Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академиянын профессордук-окутуучулук курамы менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Кулубаев өз сөзүндө илимий-академиялык ишмердүүлүктүн маанилүүлүгүн жана аталган билим берүү мекемесинин ишин эл аралык тренддерди эске алуу менен жаңылоо зарылдыгын баса белгиледи. Климаттын өзгөрүүсү, суу ресурстарын башкаруу, заманбап чакырыктар жана коркунучтар, ошондой эле эл аралык коопсуздук маселелерин терең изилдөө сыяктуу маселелерге өзгөчө көңүл бурулду.

Жолугушуунун жүрүшүндө заманбап дүйнөлүк саясаттын маанилүү аспектилери жана Тышкы иштер министрлигинин Аналитикалык борбору катары Дипломатиялык академиянын ролун күчөтүү маселелси талкууланды.

Мындан сырткары, окуу жайдын эл аралык аброюн жана таанылышын жогорулатуу максатында чет өлкөлүк студенттерди, ошондой эле студенттерди сапаттуу даярдоо үчүн жогорку квалификациялуу адистерди тартуунун маанилүүлүгү баса белгиленди.

Министрликтин натыйжалуу ишин камсыз кылуу, өлкөнүн башка министрликтеринин жана мамлекеттик ведомстволорунун эл аралык бөлүмдөрүн чыңдоо максатында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигиндеги бош дипломатиялык кызмат орундарын ээлөөгө келечектеги адистерди тарбиялоо жана даярдоо маселеси талкуунун негизги аспектилеринин бири болду.

Пикир

Оставить комментарий