• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Дипмамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата БА жана Кытай мамлекет башчыларынын онлайн саммити өттү

Президент 0

Бишкек, 25.01.22. /Кабар/. Бүгүн, 25-январда, дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата Борбордук Азиянын жана Кытай Эл Республикасынын мамлекет башчыларынын жамааттык жолугушуусу онлайн режиминде өттү.

Президенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, "Борбор Азия мамлекеттери – Кытай” онлайн саммити Кытай тараптын демилгеси менен өттү.

Иш-чарага Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев жана Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, ошондой эле КЭР төрагасы Си Цзиньпин катышты.

Президент Садыр Жапаров өз сөзүндө саммитке катышкан өлкөлөрдүн ортосундагы стратегиялык өнөктөштүккө негизделген мамилелердин жогорку деңгээлин баса белгиледи.

Мамлекет башчысы бир катар биргелешкен долбоорлорду мындан ары ийгиликтүү ишке ашыруу экономикалык өнөктөштүктү тереңдетүүгө жана кеңейтүүгө, аймактагы инфраструктураны жана маданий өз ара аракеттенүүнү жакшыртууга жардам берерин белгиледи.

Онлайн-саммиттин жыйынтыгында Борбордук Азиянын жана Кытайдын мамлекет башчылары дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата биргелешкен билдирүү кабыл алышты.

Пикир

Оставить комментарий