• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Президент “Мамлекеттик камсыздандыруу уюму” ААКнын ишмердүүлүгү менен таанышты

Президент 0


Бишкек, 20.03.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн “Мамлекеттик камсыздандыруу уюму” ачык акционердик коомунун ишмердүүлүгү менен таанышты.

Президент өз сөзүндө жарандардын жана алардын мүлкүнүн корголушун камсыз кылуу үчүн камсыздандыруунун, ошондой эле бул чөйрөдө мамлекеттик колдоонун маанилүүлүгүн баса белгиледи. Ал жарандарды коргоо, алардын укуктарын менен эркиндигин коргоо сыяктуу эле, мамлекеттин приоритети болушу керектигин айтты.

Садыр Жапаров акыркы 30 жылда камсыздандыруу тармагына мамлекеттик колдоо жетишээрлик болбогондуктан, өлкөдө камсыздандыруу деңгээлинин төмөндөшүнө алып келгенин өкүнүч менен белгилеп өттү. Ошол эле маалда камсыздандыруунун келечегин туура түшүнгөн жеке тараптар мамлекеттен озунуп, жеке камсыздандыруу компанияларын ачкан - ушул тапта өлкө аймагында 1 мамлекеттик жана 14 камсыздандыруу компания иш алып барат.

Бирок президент азыр өзгөрүүлөрдүн мезгили келип, бийлик камсыздандыруу тармагын ар тараптан колдоп, жандандырууга, өнүктүрүүгө киришкенин, жоопкерчиликти өзүнө алганын белгиледи.

Тармакты бекемдөө жана анын туруктуу өнүгүшүн камсыз кылуу максатында бир катар чаралар кабыл алынды, анын ичинде Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун уставдык капиталын 394,3 млн сомдон 994,3 млн сомго чейин көтөрүү да бар. Президент мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарына, мамлекеттик жана муниципалдык ишканаларга, капиталында 50%дан ашык мамлекеттин үлүшү бар чарбаларга баланстагы мүлкүн жана жоопкерчилигин Мамлекеттик камсыздандыруу уюмуна камсыздандыруусу милдеттендирилген Жарлыкка кол койду.

Мамлекет башчысы ошондой эле жеке тараптарды мүлкүн жана автомобилдерин күтүлбөгөн ар кандай кырсыктардан коргоону камсыздоо үчүн Мамлекеттик камсыздандыруу уюмуна катталууга чакырды, анткени мамлекеттик уюм ишенимдүү болуп саналат.

Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун кызматкерлерине кайрылып жатып, президент Садыр Жапаров алардын учурдагы кыйынчылыктарды жеңе аларына жана өз ишинде жогорку кесипкөйлүгүн көрсөтөрүнө ишеним билдирди.

“Мамлекеттик камсыздандыруу уюму" ААКтын жетекчилиги жана кызматкерлери менен жолугушуудан кийин президент уюмдун жаңы имаратынын ичин көрүп чыкты.

Пикир

Оставить комментарий