• 88.68
  • 95
  • 0.95

Билим берүү министри менен Түркмөнстандын элчиси кызматташтыкты талкуулашты

Билим 0

Бишкек, 20.03.24. /Кабар/. Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Түркмөнстандын Кыргызстандагы элчиси Нура Голлиев менен жолугушту.

Ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашкандай, тараптардын жолугушуусу бүгүн, 20-мартта өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө министр Догдуркүл Кендирбаева элчи Нура Голлиевди келе жаткан Нооруз майрамы менен куттуктап, эки өлкөнүн достук мамилесин чыңдоого билим берүү аркылуу салым кошууга чакырды.

Жолугушууда мектептерде жана ЖОЖдордо эки өлкөнүн маданий баалуулуктары, көрүнүктүү инсандары жөнүндө лекцияларды уюштуруу, билим берүү уюмдарын санариптештирүү жана климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу үчүн айыл чарба технологияларын окутуу боюнча тажрыйба алмашуу маселелерин талкуулашты.

Тараптар жолугушуунун соңунда сунуш жана демилгелерди колдоого даяр экендиктери билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий