• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкектеги жалпы билим берүү мекемелеринде PISA боюнча тренинг-окуу өттү

Билим 0

Бишкек, 25.09.23. /Кабар/. Бишкектин Октябрь жана Биринчи Май райондук жалпы билим берүү мекемелеринин педагогдору PISA эл аралык изилдөөсүнө даярдык көрүү боюнча тренингден өтүштү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Белгилей кетсек, учурда Кыргызстан 2025-жылы өтүүчү PISA эл аралык изилдөөсүнө даярдык көрүүдө. PISA-2025 негизги максаты – табигый предеметтер боюнча 15 жаштагы окуучулардын функционалдык сабаттуулугун жана алган билимин тажрыйбада колдоно билүү мүмкүнчүлүгүн баалоо.

Изилдөө бирдиктүү координациялык борбор тарабынан иштелип чыккан жалпы инструкция жана эрежелерге ылайык жүргүзүлөт. Изилдөөнүн ар бир этабы эл аралык эксперттер тарабынан көзөмөлгө алынат. Аткарылган иш автоматтык түрдө атайы программалык камсыздоонун жардамы аркылуу текшерилет.

Эл аралык изилдөө жыйынтыгы боюнча мыкты натыйжаларга жетишүү, өлкөнүн билим берүү мейкиндигинде татыктуу орун алуусу максатында бул сыяктуу тренингдер ырааттуу түрдө бардык аймактарда өткөрүлүшү пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий