• 88.68
  • 95
  • 0.95

Транспорт министрлиги: Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан т/ж долбоору активдешүү стадиясында

Коом 0

Бишкек, 25.09.23. /Кабар/. Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолун куруу долбоору активдештүү стадиясында. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Ведомстводон белгилешкендей, долбоор Кыргызстандын инфраструктура жана курулуш тармагындагы стратегиялык долбоор болуп саналат.

"Алсак, 2023-жылдын июлуна карата тараптар долбоордун техникалык-экономикалык негиздемеси боюнча иштерди биргелешип аякташып, буга чейин болжолдонгондой темир жол магистралын куруунун техникалык жана экономикалык жактан максатка ылайыктуулугу тастыкталды.

2023-жылдын 21-сентябрында видео байланыш форматында эксперттик деңгээлде үч тараптуу жолугушуу болуп, анын жүрүшүндө каржылоо модели жана долбоорду башкаруу маселеси талкууланды", - деп айтылат маалыматта.

Ведомстводон бул долбоорду ишке ашыруу Кыргызстан үчүн гана эмес, бүтүндөй Борбор Азия региону үчүн да маанилүү болуп саналарын кошумчалашты.

"Долбоор жүктөрдү жеткирүү убактысы менен аралыгын кыскартуунун эсебинен транзиттик ташуулардын эл аралык рыногунда катышуучу өлкөлөрдүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууну камсыз кылат. Жолдун курулушу экономиканын башка тармактарын өнүктүрүүгө мультипликативдик натыйжа берет", - деп кошумчалашты министрликтин басма сөз кызматынан.

Эске салсак, 18-19-май күндөрү Сиань шаарында (Кытай Эл Республикасы) өткөн "Кытай-Борбор Азия" саммитинин алкагында Кытай Эл Республикасынын Өнүктүрүү жана реформалар боюнча мамлекеттик комитетинин, Кыргызстандын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин, Өзбекстандын Транспорт министрлигинин ортосунда Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан (Кыргызстандын аймагындагы тилке) темир жолун куруу долбоору боюнча техникалык-экономикалык негиздемесине үч тараптуу биргелешкен баа берүү жөнүндө жалпы түшүнүккө жетишүү тууралуу үч тараптуу Меморандумга кол коюлган.

Пикир

Оставить комментарий