• 88.68
  • 95
  • 0.95

Аламүдүн районундагы "Главная" көмөк чордонунда электр жабдуулары жаңыланат

Коом 0

Бишкек, 26.10.23. /Кабар/. Бишкек электр тармактар ишканасы "Главная" көмөк чордонундагы электр тармактар жабдууларын жаңылайт. Бул тууралуу ишканадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2023-жылга реконструкциялоо жана капиталдык курулуштун планына ылайык 220-110-10 кВ жогорку чыңалуудагы "Главная" көмөк чордондо жалпы кубаттуулугу 250 МВА болгон 2 автотрансформатор жалпы кубаттуулугу 400 МВА түзгөн автотрансформаторлорго алмаштырылган.

Электр тармактар жабдууларын андан ары модернизациялоо максатында Бишкек ЭТИ көмөк чордонунда релелик коргоонун жана автоматиканын эски жабдууларын жаңысына алмаштырууда.

Алсак, "Кыргызстан УЭТ" ААКнын каражаттарынын эсебинен релелик коргоо жана автоматика панелдери жана контролдук кабели сатып алынган. Жаңы жабдуулар кыска туташуулардан, ашыкча жүктөөлөрдөн жана жогорку чыңалуудагы электр берүү чубалгыларынын, АТ-1 жана АТ-2 автотрансформаторлорунун, реакторлордун, шина өчүргүчтөрүн коргоо үчүн арналган. Жабдуулар Россиянын Чебоксары шаарында чыгарылган.

Белгилей кетсек, жогорку чыңалуудагы "Главная" көмөк чордонун реконструкциялоо иштери электр тармактарынын ишенимдүүлүгүн жогорулатат.

Маалымат үчүн: Жогорку чыңалуудагы "Главная" 220/110/10 кВ көмөк чордону Аламүдүн районунун Ленинское айылында жайгашкан. Подстанция 1968-жылы Бишкек шаардын түндүк бөлүгүндө жашаган керектөөчүлөрдү электр менен ишенимдүү камсыздоо үчүн ишке киргизилген.

Пикир

Оставить комментарий