• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте коомдук транспорт катышкан жол кырсыктары көбөйүп жатканы талкууланды

Коом 0

Бишкек, 20.03.24. /Кабар/. "Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы" муниципалдык ишканасында коомдук транспорттун ишин жакшыртуу боюнча жыйын болуп өттү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, жыйынга мэриянын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин жетекчилиги, автопарктын колонна башчылары, бригадирлер жана айдоочулар катышты.

Жыйындын жүрүшүндө коомдук транспорт катышкан жол кырсыктары көбөйүп жатканы талкууланды.

Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин директорунун орун басары Алмаз Алымбеков жол эрежесин бузуп, аварияга учураган автобустардын айдоочуларына карата катаал чара көрүү механизмин иштеп чыгуу керектигин белгиледи.

Анын айтымында, шаар тургундарынан коомдук транспорттун айдоочуларынын иши тууралуу даттануулар көп келип жатат.

“Жүргүнчүлөрдү сапаттуу тейлебей, эрежени сактабай, жол кырсыктарына себепкер болуп, мамлекеттин мүлкүн зыянга учуратып жаткан айдоочулардын жоопкерчилигин карап чыгып, андайларды иштен кетирүү зарыл. Шаар тургундарынын талабы ушундай болууда”, - деди Алымбеков.

Ошондой эле айдоочулар жүргүнчүлөргө талон бербей, аларга орой мамиле кылып, акыркы аялдамага чейин жеткирбей, жолдон түшүрүп салып жаткан учурлар тууралуу да айтылды.

Жыйындын аягында, кыска убакыттын ичинде коомдук транспорттогу аталган көйгөйлөрдү чечүү тапшырмасы берилди. Айдоочулар арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүп, тартипти көзөмөлдөө боюнча талап коюлду.

Белгилей кетсек, буга чейин коомдук транспорттогу тейлөөнүн сапатын жакшыртуу, жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чараларды күчөтүү тапшырмасы коюлган.

Пикир

Оставить комментарий