• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Тилек Текебаев Балыкчы — Каракол жолунун курулушунан кабар алды

Аймак 0

Бишкек, 20.03.24. /Кабар/. Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев Ысык-Көл жергесине жасаган жумушчу сапарынын алкагында Балыкчы — Каракол — Балыкчы айланма жолунун Балыкчы — Бөкөнбаев — Барскоон (0-141,6-чакырым) бөлүгүнө барды. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Анда аталган унаа жолдо жүрүп жаткан иштер жана колдонула турган материалдарды даярдоо жумуштарын жеринен көрүп, тиешелүү жетекчилердин маалыматын укту.

Узундугу 141,6 чакырымды түзгөн унаа жол бир нече бөлүккө бөлүнүп, ар бир тилкеде планга ылайык жумуш аткарылып келет. Алсак, "Арек Строй" ЖЧКсы Балыкчы — Бөкөнбаев — Барскоон жолунун 96+370-126+370-чакырым аралыгын курууга киришип, бүгүнкү күнгө чейин 6,3 чакырым жолго асфальттын төмөнкү катмарын төшөгөн. Учурда жер иштери жүрүүдө.

Ал эми унаа жолдун 126+370-143+180-чакырым аралыгын куруу иштерин министрликке караштуу “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасы колго алып, азыркы тапта жер иштери жана колдонула турган материалдарды даярдоо жумуштары жүрүп жатат.

Ошондой эле "Кыргыз жол курулуш" ЖЧКсы тарабынан реконструкцияланып жаткан жолдун калган бөлүгүндө да дренаж казуу, труба плиткаларын орнотуу, жер иштери, асфальт жана жол тротуарынын пайдубалын куруу үчүн материалдарды даярдоо иштери ырааты менен жүрүп жатат.

Мындан тышкары, жолдун 17-чакырымында орун алган көпүрөнүн курулушу аяктоо алдында турат.

Министр Тилек Текебаев жолчулар жана тиешелүү жетекчилер менен баарлашып, текшерүү иштеринен соң унаа жолдун маанилүүлүгүн баса белгилөө менен курулушту сапатуу жүргүзүүнү тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий