• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абадда мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга араба берилди

Аймак 0

Бишкек, 19.11.20. /Кабар/. Жалал-Абад шаарындагы ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген 14 балага араба берилди. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, социалдык бөлүмдө каттоодо турган 18 жашка толо элек балдарга көп багыттуу арабаларды шаардын вице-мэри Руслан Алтымышев тапшырды.

Белгилей кетсек, саламаттыгынын айынан төшөктө жаткан балдарга арабалар кезеги менен тапшырылып келет. Былтыр 26 балага берилген. Дагы 7 бала кезекте турат.

Пикир

Оставить комментарий