• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жети-Өгүз районунда Калкты тейлөө борбору ачылды

Аймак 0

Бишкек, 17.03.22. /Кабар/. Бүгүн, 17-мартта Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылында Калкты тейлөө борбору ачылды. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жаңы имарат заманбап жабдуулар, маалымат берүү аймагы, күтүү залы, электрондук кезек жана видео көзөмөл камералары менен жабдылган.

Ал эми балдары менен келген апалар үчүн эне бала бөлмөсү, балдар ойноочу жай да каралган.

Борбордун ачылышына Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фонду, “Инфоком” мамлекеттик ишканасы жана “Кадастр” мамлекеттик мекемеси колдоо көрсөтүп, каражат бөлгөн.

Белгиленгендей, аталган Калкты тейлөө борборунун кызматкерлери күнүнө 100дөн ашуун тургундарга кызмат көрсөтөт.

Пикир

Оставить комментарий