• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ошто жаштардын чыгармачылык борбору ачылат

Аймак 0

Бишкек, 22.05.23. /Кабар/. Ошто жаштардын чыгармачылык борбору ачылат. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын тышкы байланыштар бөлүмүнүн башчысы жана серепчиси Мирлан Исраилов менен Кореянын "Фаворс Групп" компаниясынын башчысы Со Се Чанг жетектеген жумушчу топтун жолугушуусунда белгилүү болду.

Маалыматка ылайык, жолугушууга Кыргызстандын Кореядагы элчиси Аида Исмаилова дагы катышты.

Анда тараптар маданий-гуманитардык тармактагы кызматташтыкты өнүктүрүү, быйылкы жылы Ош шаарында чыгармачылык мейкиндик менен кофекананы айкалыштыра турган жаңы интеграцияланган жаштар борборун ачуу маселеси талкууланды.

Маалыматка ылайык, бул борбор ар кандай лекцияларды, тарбиялык жана маданий иш-чараларды өткөрүүгө мүмкүнчүлүктөрдү, жаш муундун дараметин ачып, ишке орношуусуна шарт түзөт. Ал ошондой эле аймактагы жаштардын кызыкчылыктарына ылайыкташтырылган түрдүү программаларды даярдоо аркылуу активдүү катышууга шыктандырууну көздөйт.

Алдын ала маалымат боюнча, бул борборду Токтогул Сатылганов атындагы Ош облустук китепканасынын имаратында ачуу болжолдонууда. Мындай мейкиндик жаштар үчүн досторду, пикирлештерди таба турган жайга айланат.

М.Исраилов Ош шаарынын мэриясы шаардыктардын жыргалчылыгына багытталган социалдык долбоорлорду колдоого ар дайым даяр экенин баса белгилеп, келечекте жаштарды ийгиликтүү жумушка орноштуруу үчүн Корея өлкөсүндө квалификациялуу адистиктерге окутууну уюштурууну сунуштады.

Өз кезегинде кореялык өкүлдөр аталган пландар келечектеги долбоорлорго камтылганын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий