• 88.68
  • 95
  • 0.95

Билим берүү министрлиги мектеп формасы боюнча түшүндүрмө берди

Билим 0

Бишкек, 25.07.22. /Кабар/. Бишкекте өткөн маалымат жыйында билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова мектеп формасы боюнча түшүндүрмө берди.

Анын айтымында, ата-энелер учурдагы мектеп формасын кандайдыр бир себептен ала албай жатса, анда үстү ак, асты кара түрүндөгү классикалык форманы тандаса болот.

“Пандемия учурунда министрлик мектеп формасын талап кылбоону сунуштаган. Бирок өкмөттүн токтомуна ылайык, мектеп формалардын бир катар варианттарын тандоого болот”, - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий