• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда 75 миңден ашык үй-бүлө электр энергиясын жеңилдетилген тариф менен колдонот

Коом 0

Бишкек, 20.03.24. /Кабар/. Кыргызстанда 75 миңден ашуун аз камсыз болгон үй-бүлөлөр электр энергиясын жеңилдетилген тариф менен колдонушат. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен бил диришти.

Маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылдын 1-мартына карата 75 миң 189 аз камсыз болгон үй-бүлө жеңилдетилген тарифтер менен пайдаланат, бул "үй-бүлөгө көмөк" жөлөк пул алуучулардын 91,2% түзөт.

Калган үй-бүлөлөр электр энергиясына болгон жеңилдикти батирде жашагандыгына, электр энергиясына болгон жеке эсептик счётчиктеринин жоктугуна, дача аймактарында жашагандыгына (кызыл китебинин жоктугуна байланыштуу), өндүрүштүк жайларда жана ошондой эле электр жарыгы жок жашагандыгына байланыштуу (кашар, электр зымдары тартыла элек курулуштарда жашагандар, энергокомпаниялар менен келишими жок үйлөрдө жашагандар) ала албай келишет.

Учурда Эмгек министрлигинин аймактык башкармалыктары тарабынан үй-бүлөлөр менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Белгилей кетсек, КР президенти Садыр Жапаровдун жарлыгынын негизинде "үй-бүлөгө көмөк" жөлөкпулун алган аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө даректүү социалдык колдоо көрсөтүү максатында 2022-жылдан тартып электр энергиясын айына 700 кВт саатка чейин керектеген учурда 1 кВт саатына 50 тыйын жеңилдик каралган.

Пикир

Оставить комментарий