• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Коргоо министри Баткендеги аскер шаарчаларынын курулушун текшерди

Аймак 0

Бишкек, 20.03.24. /Кабар/. Күн мурун коргоо министри Бактыбек Бекболотов Түштүк-Батыш оперативдик командачылыгына жумушчу сапары менен барды. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Бекболотов Баткен облусунун аймагында жайгашкан кошуундардын, бөлүктөрдүн жана мекемелердин аскердик шаарчаларында болуп, күжүрмөн даярдыктын жүрүшү, аскер кызматчыларынын, жарандык кызматкерлердин жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө түзүлгөн шарттары менен таанышты.

Мындан тышкары, коргоо министри аскер шаарчаларанын инфраструктурасынын абалы менен таанышып, жаңы курулуп жаткан аскер шаарчаларынын курулуш иштеринин жүрүшүнө өзгөчө көңүл бурду.

Коргоо министри иш сапарынын жыйынтыгын жеринде чыгарып, орун алган кемчиликтер боюнча тапшырмаларды берип, чечилбей жаткан тапшырмалардын жолдорун жана мындан аркы материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу базанын деңгээлин аныктады.

Ошондой эле министр жумушчу сапарынын жүрүшүндө Түштүк-Батыш аймактык командачылыгынын кошуундарынын, бөлүктөрүнүн жана мекемелеринин өздүк курамын, алардын үй-бүлө мүчөлөрүн келе жаткан Нооруз майрамы менен куттуктады.

Пикир

Оставить комментарий