• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кара-Кулжада өрттөнгөн мектептин жанына салынып жаткан билим уясынын курулушу жанданат

Аймак 0

Бишкек, 04.08.23./Кабар/. Президенттин Ош облусундагы өкүлү Элчибек Жантаев Кара-Кулжа районунун Кайың-Талаа айылындагы өрттөнүп кеткен мектептен кабар алды.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, жеринде тиешелүү кызмат өкүлдөрү менен тез арада аймакта билим берүү инфраструктурасын калыбына келтирүү маселеси талкууланды.

Өкүл тиешелүү кызматтарга өрттөлгөн билим уясынын жанына курулуп жаткан эки кабаттуу жаңы мектеп имараттын курулушун тездетүүнү тапшырды.

Жантаев айылдын мектеп жамааты жана эли менен болгон жолугушууда жаңы окуу жылында балдардын билим алуусу үзгүлтүккө учурабай турганын жана жаңы мектептин курулушу өлкө башчысы Садыр Жапаровдун тыкыр көзөмөлүндө экенин белгиледи.

Облус жетекчиси мындан ары мындай окуяларга жол бербөө үчүн өрттүн келип чыгуу себептерин аныктоо жана келтирилген зыянды эсептөө иштерин тездетүү зарылдыгына көңүл бурду.

"Бул мектептин курулушун эртерээк бүтүрүү үчүн бардык шарттар түзүлөт. Куруучулардын санын көбөйтүп, жаңы окуу жылына сапаттуу жана кыска мөөнөттө жаңы мектепти пайдаланууга берүүгө аракет кылышыбыз зарыл. Окуучулардын билим алуусу үзгүлтүккө учурабайт жана жергиликтүүлөргө кубаныч тартуулаган заманбап билим берүү мекемесин калыбына келтиребиз", - деди ал.

Белгилей кетсек, аталган мектеп белгисиз себептерден улам толугу менен күйүп кеткен.

Пикир

Оставить комментарий