• 88.68
  • 95
  • 0.95

«Чакан ГЭСтин» энергетиктери утурумдук оңдоо иштерин улантууда

Коом 0

Бишкек, 04.08.23. /Кабар/. «Чакан ГЭС» ААКнын энергетиктери утурумдук оңдоо иштерин улантууда, деп билдирет Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы.

Оңдоо иш-чаралардын алкагында «Чакан ГЭС» ААКнын энергетиктери Аламүдүн-6 гидроэлектростанциясындагы №2 гидроагрегатын утурумдук оңдоо иштеринен өткөрдү.

Энергетиктер муздаткыч радиаторлорду тазалап, турбинанын подшипниктерин оңдоп, гидроагрегаттын жабдууларына электрдик өлчөө жана профилактикалык көзөмөл жүргүзүштү.

Мындан тышкары, «Чакан ГЭС» ААК кызматкерлери адистештирилген компаниянын өкүлдөру менен биргеликте Аламүдүн-1 гидроэлектростанциясындагы №2 гидроагрегатында капиталдык оңдоо иштерин алып барууда.

«Энергетиктер утурумдук оңдоо иштерин 4-5 күн ичинде бүтүрүшсө, капиталдык ондоо иштерин жүргүзүү болжол менен 45-60 күнгө созулат. Аткарылган жумуштар электр энергияны үзгүлтүксүз иштеп чыгууга жана ар бир үйгө жарык берүүгө багытталган», - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий