• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Оштогу паркта белгисиз бейбаштар дайыма лайт-боксторду сындырып кетишет

Коом 0

Ош, 13.12.18. /Кабар/. Ош шаарынын “Жеңиш” паркында белгисиз бейбаштар дайыма орнотулган лайт-боксторду сындырып кетишүүдө. Бул тууралуу шаардык мэриянын жашылдандыруу жана көрктөндөрүү бөлүмүнөн кабарлашты.

Маалыматка ылайык, буга чейин аталган лайт-бокстор белгисиз бейбаштар тарабынан бир нече жолу талкаланып кеткен. Жашылдандыруу комбинаты боксторду калыбына келтиришкен. 9-декабрь күнү бейбаштар кайра иллюминацияларды сындырып кетишкен.

Учурда Ош шаарынын ИИБи тарабынан шаарга келтирилген зыян катталып, тиешелүү тергөө жүргүзүү үчүн өткөрүлүп берилген.

Буга чейин “Токтогул” атындагы паркында күзөтчүнүн үйүн сындырып, видео-камераларды талкалап кетишкен. Аталган кылмышты жасаган мектеп окуучусу кармалган.

Пикир

Оставить комментарий