• 88.68
  • 95
  • 0.95

Быйыл "Эл үмүтү" эл аралык стипендиясын ыйгаруу үчүн сынактын тандоого 63 арыз түштү

Билим 0

Бишкек, 04.08.23. /Кабар/. 2023-жылы президенттин “Эл үмүтү” эл аралык стипендиясын ыйгаруу үчүн сынактын тандоого 63 арыз түштү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирет.

Стипендиянын максаты Кыргызстандын кыйла таланттуу жаштарына жогорку окуу жайларынын, билим берүү программаларынын QS World University Rankings, Times Higher Education топ-100 дүйнөлүк рейтингине кирген чет өлкөлүк окуу жайларында магистр жана PhD доктору деңгээлинде билим алуусуна көмөк көрсөтүү болуп саналат.

КР президентинин 2023-жылдын 21-июнундагы ПЖ №161 Жарлыгына ылайык, КР президентинин “Эл үмүтү” эл аралык стипендиясын ыйгаруу тартиби жөнүндө Жобого өзгөртүүлөр киргизилип, ал расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирген.

Жобого өзгөртүүлөр киргизилгендигине байланыштуу документтерди кабыл алуу 2023-жылдын 10-июлуна чейин узартылган.

“Тандоодон өткөндөрдүн арасында дүйнөнүн ТОП-100 университетинин рейтингине кирбеген жогорку окуу жайларга тапшырган талапкерлер болгон” деген эскертүүгө Жобонун 1-пунктуна ылайык, ЖОЖдордун рейтинги гана эмес, билим берүү программасынын рейтинги да эске алынгандыгын билдиребиз.

“Эл үмүтү” стипендиясын алууга 63 адам катталган. Анын ичинен 45 талапкердин арызы талапка жооп берген эмес. Документтердин толук пакети 18 адамда гана болгон. Бирөө баш тарткан.

Республикалык комиссия “Эл үмүтү” стипендиясына талапкерлер тарабынан берилген документтерди карап чыгып, алардын негизинде 2023-2024-окуу жылына стипендианттарды тандады.

“Эл үмүтү” эл аралык стипендиясын ыйгаруу үчүн талапкерлерди тандоо эрежелеринин 3.13-пунктуна ылайык, “Республикалык комиссия эл аралык стипендияны ыйгаруу же ыйгаруудан баш тартуу жөнүндө акыркы чечимди кабыл алат, ал жөнүндө талапкерге ыйгарым укуктуу органдын расмий веб-порталына маалыматты жайгаштыруу аркылуу маалымдалат”.

Пикир

Оставить комментарий