• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Юстиция министрлиги 17 талапкерге Кыргызстанда нотариалдык иш жүргүзүүгө лицензия берди

Коом 0

Бишкек, 20.03.24. /Кабар/. Бүгүн Юстиция министрлиги 17 талапкерге Кыргызстанда нотариалдык ишмердүүлүк жүргүзүүгө лицензия тапшырды.

Ведомстводон белгилешкендей, бардык талапкерлер жаңы форматтагы квалификациялык сынакты ийгиликтүү тапшырышкан.

Сынак компьютердик тестирлөө түрүндө өткөрүлүп, ага 130 талапкер чакырылган 98 талапкер катышкан. Экзамендин жыйынтыгы боюнча 17 адам тапшырманы ийгиликтүү аткарып, 70% же андан көп туура жооп алган.

Белгилей кетсек, «Нотариат жөнүндө» КР Мыйзамынын 16-беренесине ылайык, жеке нотариалдык иш жүргүзүүгө лицензияны биринчи жолу алган адамдар ант беришет.

Пикир

Оставить комментарий