• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Чүй облусунун казыятынын имаратын куруу иштери башталат

Коом 0

Бишкек, 15-май /Кабар/. 16-майда Чүй облусунун Сокулук районунун Кызыл-Туу айылында облустук казияттын имаратын куруу боюнча марафон өткөрүлөт. Бул тууралуу бүгүн "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйынында Чүй облусунун казысынын кеңешчиси Азылов Таалайбек ажы билдирди.

Буга чейин Чүй облустук казият муфтиятка карап, өз алдынча болгон эмес. Марафондон чогулган акча, мамлекет тарабынан бөлүнүп берилген отуз сотук жер тилкесине имаратты куруу иштерин баштоого сарпталат.

Бул демилгени Жогорку Кеңештин 27 эл өкүлү колдоого алышкан. Курулуштун негизги каражатын араб уюмдары кайрымдуулук түрүндө берет. Ал эми уюштуруучулар менен эл алгачкы он пайызды чогултуп берүүлөрү керек.

Долбоордун алкагында курулган имараттын ичинде жетим балдарга арналган медресе да каралган. Баардык кайдыгер карабаган жарандарды марафонго келип активдүү катышып кетүүгө чакырат.

Пикир

Оставить комментарий