• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Директорлорду тандоо. Талас облусунда 24, Чүйдө 69 талапкер босого баллдан өттү

Билим 0

Бишкек, 18.08.22. /Кабар/. Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашкандай, 17-августта Талас жана Чүй облустарында мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарына компьютердик тестирлөө өткөрүлдү.

Маалыматка ылайык, тестирлөөгө Талас облусунан 75 талапкер катышкан. Жалпы 113 жаран документин жиберип, анын 37не документтерин толук тапшырбагандыктан тестке катышуу укугу берилген эмес. Ал эми бир талапкер тестирлөөгө келген жок.

Жыйынтыгында 24 талапкер босого баллдан жана андан жогору упай топтоду. Бул катышуучулардын 32%ын түзөт.

Ал эми Чүй облусу боюнча тестке катышууга 182 талапкер документ жиберген.

Тестирлөөнүн жыйынтыгы менен 69 талапкер босого баллдан жана андан жогору упай топтоду. Бул катышуучулардын 38%ын түзөт.

Эскерте кетсек, конкурс Билим берүүнүн сапатын баалоо жана маалымат технологияларынын улуттук борбору тарабынан уюштурулууда.

Пикир

Оставить комментарий