• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Дистанттык түрдө билим алууда көйгөй жаралса кимге кайрылуу керек? Телефон номерлери

Билим 0

Бишкек, 04.04.20. /Кабар/. Дистанттык түрдө билим алууда көйгөй жаралса 0550 512 075 жана 0550 801 026 телефон номерлерине кайрылуу керек. Бул тууралуу өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди.

Анын айтымында, 8-апрелде дагы бир катар ыкчам байланыш телефон номерлери кошулат.

"Билим берүү министрлигинде дистанттык түрдө билим берүү тобу уюштурулду. Аталган топ бардык суроолорго жооп берип, ар бир аймак менен байланышта болот. Кандайдыр бир көйгөй пайда болсо чечип берет", - дейт Жусупбекова.

Министрдин орун басары маалымдагандай, мектеп окуучуларынын 4-чейреги 8-апрелден тартып башталат.

Пикир

Оставить комментарий