• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Долондо кар жаап жатат. Башка ашууларда абал кандай?

Коом 0

Бишкек, 23.10.23. /Кабар/. "Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасы өлкөнүн ашууларындагы жолдордун абалы тууралуу маалымат берди.

Ишкананын маалыматына ылайык, учурда Бишкек - Ош унаа жолунун Төө-Ашуу ашуусунда күн бүркөк, жол ачык. №9 жол тейлөө ишканасы тарабынан күзөт бар. Чычкан капчыгайында жана Ала-Бел ашуусунда кар аралашкан жамгыр жаап жатат. №23 ЖТИ кызматкерлери жеринде көзөмөлгө алышууда.

Ошондой эле Суусамыр - Талас - Тараз унаа жолунун Өтмөк ашуусунда күн бүркөк, азыркы учурда жол кыймылына чектөө жок, өтмөк ачык. №36 ЖТИ тарабынан көзөмөлдөнүүдө.

Ал эми Бишкек - Нарын - Торугарт унаа жолунун Долон ашуусунда учурда суу кар жаап жатат. Унаа жол ачык, №41 ЖТИ жеринде иш алып барууда.

Ысык-Көл районундагы Сөөк ашуусунда шамал болуп жатат. Учурда ашуу ачык, каттам бар.

Пикир

Оставить комментарий