• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Дооронбек Адаханов: Кыргызстанга бирдиктүү маалымат борборун ачуу зарыл

Коом 0

Бишкек, 29.04.21. /Кабар/. Кыргызстанга бирдиктүү маалымат борборун ачуу зарыл. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өтүп жаткан “Кыргызстан жаңы шарттарда” аттуу тегерек столдун жүрүшүндө Пирамида телеканалынын директору Дооронбек Адаханов билдирди.

Анын айтымында, азыркы учурдагы, анын ичинде стратегиялык жана саясий маанидеги окуяларды активдүү талкуулоо жалпы коомчулукка пайдалуу таасирин тийгизет.

“Дипломатия, сүйлөшүүлөр жана талкуулоо жолу менен гана бирдиктүү пикирге келүүгө болот. Маалымат жана маалымат таратуучулар күн тартибин түзүүнүн негизи болуп саналат. Кыргызстанга бардык процесске натыйжалуу жана ыкчам жооп кайтара ала турган бирдиктүү маалымат борборун түзүү зарыл”, - деди ал.

Анын пикиринде, маалымат борборун “Кабар” КУМАнын базасында ачууга болот.

Пикир

Оставить комментарий