• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Джон Уоррен: Кыргызстан менен Ысык-Көл түбөлүккө менин жүрөгүмдө

Коом 0

Бишкек, 17.05.19. /Салтанат Абдраева – Кабар/. Белгилүү россиялык “Поедем, поедим!” (Барып, даам татабыз) телеберүүнүн алып баруучусу Джон Уоррен кооз жерлери жана улуттук тамак-ашы тууралуу программа тартуу максатында 13-майда Кыргызстанга келген.

Белгилүү тамак-аш боюнча телеберүүсү бир гана Россиялык көрүүчүлөр арасында гана эмес, КМШ өлкөлөрүндө да абдан белгилүү.

Джон Уоррен Кыргызстанда бир жумадан бери жүрөт. Ысык-Көл, жайлоо, белгилүү базарларга барып, кыргыз элинин улуттук тамак ашынан даам сызып, кооз жерлери менен таанышууда.

Анын айтуусу боюнча, бул жума абдан кызыктуу болду. “Мен Кыргызстанга келгениме абдан кубанам. Силердин белгилүү Ысык-Көлүңөр абдан кооз экен. Мен анын кооздугу тууралуу угуп келгем, бирок мынчалык ажайып экендигин күткөн эмесмин. Биз көлгө кечинде келип, эртеси көл жээкке барганда, бет маңдайдагы мөңгүлүү аска-зоолор көгүлтүр көл менен биргеликте өзгөчө бир кооз. Кыргызстан абдан кооз экен. Сиздердин өлкө биздин жүрөгүбүздөн орун алды”, - дейт ал.

Уоррендин айтуусу боюнча, Кыргызстан – абдан жөнөкөй өлкө. Жөнөкөй деген, баардыгы көргөнүңдөй экен. “Биз жумуш менен көп өлкөлөргө барып жүрөбүз. Кээ бир өлкөлөрдө программа тартуу маалында көп тыюуларга туш болосун. Мисалы, кээ бир жактарда квадракоптерге тартууга болбойт. А жакшы сүрөттөр үчүн бийиктиктен сүрөттөр керек. Ушул жагынан да Кыргызстан абдан эркин өлкө экен”, - деди ал.

“Бизди экинчи программа тартуу үчүн Кыргызстанга кайра чакырышты. Бул жакта тарта турган нерселер абдан көп экен. Мен Кыргызстандан али кете элекмин, бирок, кийинки жолугушууну эңсегендеймин. Кийинки жылы келгенде, мен жумуштан кийин эс алуу үчүн бир нече күн калып кетем”, - деп өзүнүн пландары менен бөлүштү.

Ошондой эле, Джон Уоррен Кара-Көл шаарына барып, ашлян-фуну биринчи жолу жегендигин айтты.

“Кыргызстанда тамак-аш жалпысынан баардык эле Борбор Азия өлкөлөрүнө окшош экен. Негизинен мени таң калтырыш оңой эмес. Бирок, мен жашоомдо биринчи жолу ашлян-фу жеп көрдүм. Мага бул тамак абдан жакты. Мен Москва шаарында ашлян-фу тамагы жасалаарын уктуп, эми барганда аны издейм”, - дейт алып баруучу күлүп.

Ошондой эле, белгилүү тележылдызын кыргыз жайлоолору таң калтырган. Ал кыргыз жайлоолоруна Швецария тең келбээрин айтат.

“Мен бул жакка келгенден бери Ысык-Көл, Кыргызстан тууралуу сүрөттөрдү социалдык тармактарга жүктөсөм, көп колдонуучулар “менин мекеним”, “мен баргам”, “Ысык-Көл – ыйык жер” ж.б. ушул сыяктуу билдирүүлөрдү калтырып жатышат. Мен Ысык-Көл түбөлүккө баргандардын жүрөгүндө калаарын түшүндүм”, - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий