• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ЕАЭБ университеттери адистерди даярдоодо өз ара аракеттенүүнүн заманбап формаларын аныктайт

Билим 0

Бишкек, 27.05.22. /Кабар/. Кечээ, 26-майда Бишкекте Евразия экономикалык форумунун алкагында "Жогорку билим берүү программаларын ишке ашырууда өз ара аракеттенүүнүн тармактык формаларын өнүктүрүү" тематикалык сессиясы болуп өттү.

Сессиянын катышуучулары өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулагандан кийин көмөктөшүүгө макулдук берилген бүтүм (резолюция) кабыл алышты.

- ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин жогорку окуу жайларынын илимий-билим берүү консорциумдарын түзүү;

- ЖОЖдор аралык кооперациянын алдыңкы тажрыйбаларын жана моделдерин колдонуу;

- окутуунун алдыңкы тажрыйбалары жана усулдары менен алмашуу, өз ара пайдалуу кызматташуу;

- кесиптик билим берүүнүн транс чек аралык дистанциялык формаларын өнүктүрүү;

- ЕАЭБ ЖОЖдорунун студенттеринин мамлекеттер аралык окуу (илимий) практикасы, анын ичинде аралыктан окутуу;

- ЕАЭБдин бирдиктүү эмгек рыногунда талап кылынган адистиктер боюнча кесиптик даярдоонун жана квалификацияны жогорулатуунун онлайн-программаларын биргелешип иштеп чыгуу;

- кесиптик окутуунун салыштырмалуу деңгээлине жетишүү;

- кесиптик билим берүү чөйрөсүндө ЕАЭБдин бирдиктүү мейкиндигин түзүү.

Пикир

Оставить комментарий