• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бейшеналиев: Тарбияга билим берүү уюму жооптуу эмес, ал үй-бүлөдөн башталат

Билим 0

Бишкек, 27.05.22. /Кабар/. Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Сузактагы мектептердин биринде мугалимдин окуучуну сабашы боюнча пикирин билдирди.

Эскерте кетсек, Сузактын Сафаровка айылындагы Ж.Бөкөнбаев атындагы мектептин информатика сабагынан берген мугалими 7-класстын окуучусун сабаганы тууралуу видео тараган.

Министр мугалимдин кылыгын туура эмес экенин айтып, канткен күндө дагы мугалим окуучуга кол көтөрбөөгө, баланын психикасына залал келтирбөөсү кажет экенин белгилеп кетти.

“Бирок коомдо мугалимди ошондой деңгээлге жеткирген көрүнүштөр көп болуп жатат. Бул тарбиянын баш оту менен берилбегендигинен келип чыгып жатат. Тарбияга биринчи жоопту болгон — бул билим берүү уюму эмес. Тарбия үй-бүлөдөн, чөйрөдөн башталат. Экинчиден, тарбияны калыптандырган формага салган — бул билим берүү тармагы: мектептер, бала бакчалар, окуу жайлар. Ошондуктан биз жаңы мыйзам иштеп чыктык. Мыйзамда тарбиядагы ата-эненин жоопкерчилиги жана билим берүү тармагынын жоопкерчилиги каралган. Ошол мыйзамды буюрса, кароого киргизебиз”, - дейт ал.

Бейшеналиев кошумчалагандай, аталган окуя руханий кемчиликтен, бошчулуктан келип чыгат.

“Эгерде биз үй-бүлөдөн баштап жакшы тарбия бергенибизде, мындай маселелер болбоосу керек эле. Ал жерде конкреттүү факт болуп жатпайбы — мугалимге ат коюп, мазактап жатат. Бул өтө ашынгандык. Окуучу мугалимге ат коюусу — тарбиянын жаман чеги. Бирок кандай болгон учурда да, мугалим ата-энеси менен сүйлөшүп, мектеп администрациясы менен сүйлөшүп, жакшы жол менен чечүүсү керек болчу. Канчалык туура эмес болгон күндө да мугалимдерден суранарым: окуучуларга кол көтөрбөңүздөр. Министрлик жакында эле тарбия секторун түздү, анын милдети мугалимдер, иш-чаралар, кошумча билим берүү, жакшы китептерди, чыгармаларды, видеолорду сунуштоо аркылуу балдарды тарбиялоо процессин жандандыруу болуп саналат”, - деп билдирди министр.

Билим берүү министри балага билим гана берүү жетиштүү эмес экенине токтолду.

“Билим адамды адам кылбайт. Билим адамды кесипке даярдайт. Адамды адам кыла турган — руханий ички дүйнөсү, тарбиясы, жүрүм-туруму, адеп-ахлагы. Президентибиз да бекеринен биринчи жарлыгын адамдын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү тууралуу чыгарган жок да. Ошондуктан биз да ошонун негизинде иш алып барабыз. Мектептер мындан кийин сөзсүз тарбияга басым жасайт. Ар бир бүтүрүүчү 11-жылды бүткөндүгү тууралуу аттестатты, бир же эки кесиптин ээси, искусство жана спорттун бирден тармагынын мыкты чебери болуп чыгат деген амбициялуу пландарды коюп жатабыз. Ушулардын негизинде баланын тарбиясы калыптанышы керек. Сөзсүз улуттук баалуулуктар, патриоттуулук маселелери, ошонун ичинде адамдык баалуулуктар эң негизгиси болуп жатат”, - деп сөзүн жыйынтыктады ал.

Пикир

Оставить комментарий