• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ЕАЭБ жөнүндө Келишимге электрондук түрдө кызмат көрсөтүүдө кыйыр салыктарды алуу тартибин аныктоо өзгөртүлдү

Президент 0

Бишкек, 20.10.23. /Кабар/.Президент Садыр Жапаров «2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө Келишимге электрондук түрдө кызмат көрсөтүүдө кыйыр салыктарды алуу тартибин аныктоо бөлүгүндө өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу 2022-жылдын 9-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Протоколду ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам КР Жогорку Кеңеши тарабынан 2023-жылдын 5-октябрында кабыл алынган.

Мыйзам электрондук түрдө кызмат көрсөтүүдө кыйыр салыктарды алуу тартибин аныктоо бөлүгүндө 2014-жылдын 29-майында Евразия экономикалык биримдиги жөнүндө Келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Протоколдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткаруу максатында кабыл алынган.

Алсак, жогоруда аталган Протокол менен ЕАЭБге мүчө мамлекеттеринин өз ара соодасында электрондук формада кызмат көрсөтүүдө КНС алуу тартиби белгиленет.

Бул Протокол электрондук кызмат көрсөтүүлөргө КНСти төлөөнүн улуттан жогорку механизмин бекитүүгө багытталган:

- кызмат көрсөтүүнү керектеген жер боюнча КНСти баруучу өлкөнүн принцибине окшоштуруп төлөө;
- салык төлөөчүнү керектөөчү өлкөдө Интернет аркылуу жөнөкөйлөтүлгөн тартипте каттоого коюу же шарттуу каттоо;
- кыйыр салыктарды алуу тартиби жана товарларды экспорттоодо жана импорттоодо, жумуштарды аткарууда, кызматтарды көрсөтүүдө алардын төлөнүшүн контролдоо механизми жөнүндө протоколдун айрым жоболоруна техникалык оңдоолорду киргизүү (ЕАЭБ жөнүндө келишимге № 18-тиркеме).

Протоколго ылайык ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин аймагында электрондук формадагы кызмат көрсөтүүлөрдү трансчек аралык сатып алууда КНС салыгы сатып алуучунун жайгашкан жери боюнча жүргүзүлөт. Буга чейин бул маселе боюнча жалпы жолу болгон эмес, бул кош салык салууга же ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин биринде да мындай коммерциялык ишке салык салынбаган жагдайга алып келген.

Мындан тышкары, Протокол ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин аймагында сатып алуучуларга электрондук формада кызмат көрсөткөн салык төлөөчүлөрдүн КНС төлөөчү катары ЕАЭБге мүчө мамлекетте аралыктан, жөнөкөйлөтүлгөн форматта электрондук декларация тапшыруу жана салык төлөө мүмкүнчүлүгүн камсыз кылат.

Электрондук формада кызмат көрсөтүүдө эсепке коюунун (эсептен чыгаруунун) тартиби, салыктык база, КНСтин ставкалары, КНСти эсептөөнүн тартиби жана төлөөнүн мөөнөттөрү, салыктык жеңилдиктер, КНСтин ашыкча төлөнгөн суммаларын кайтарып берүүнүн, эсепке алуунун тартиби мүчө мамлекеттин мыйзамдары менен аныкталат, анын аймагы мындай кызматтарды сатуу орду деп таанылат.

Ушуга байланыштуу, Протоколдо электрондук кызмат көрсөтүүдө кыйыр салыктарды алуу тартибин аныктоо бөлүгүндө бирдиктүү жолу каралат.

Пикир

Оставить комментарий