• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Президент Эгемендүүлүк күнү жана Байтик баатырдын 200 жылдыгынын салтанатында Кыргызстандын туусун көтөрдү

Коом 0

Чүй облусу, 31.08.22. /Кабар/. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Эгемендүүлүк күнүн жана Байтик баатырдын 200 жылдыгын майрамдоонун салтанаттуу ачылышында өлкөнүн туусун көтөрдү.

Белгилей кетсек, флагштоктун бийиктиги 31 метрди түзөт.

Эскерте кетсек, Кыргызстандын Көз карандысыздык күнүнө карата Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Чуңкурчак жайлоосунда президент Садыр Жапаровдун катышуусунда салтанаттуу иш-чара өтүүдө.

Иш-чарага төрага Акылбек Жапаров башында турган министрлер кабинети, Жогорку Кеңештин депутаттары, өлкөнүн коомдук ишмерлери, Кыргызстанда аккредиттацияланган чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана эл аралык уюмдардын жетекчилери, жарандык коомдун өкүлдөрү жана башкалар катышууда.

Ошондой эле Чуңкурчак жайлоосунда бул күнү XIX кылымдын көрүнүктүү саясий ишмери Канай уулу Байтиктин (Байтик баатыр) 200 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өтүүдө.

Иш-чара УТРК, республикалык телеканалдар жана социалдык тармактардагы баракчалардын түз эфиринде көрсөтүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий