• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Эки саатта тогуз айдоочу аныкталды. Бишкекте автоунаалардын салыгы текшерилүүдө

Коом 0

Бишкек, 29.10.21. /Кабар/. Бишкекте милициянын кайгуул кызматкерлери салык кызматы менен биргеликте автоунаалардын салыгын текшерүүдө.

Кайгуул кызматынан билдиришкендей, иш-чаранын жүрүшүндө салык мыйзамдарына ылайык, жүк жана жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн ыктыярдуу патентти алгандыгын, камсыздандыруу полистерин төлөгөндүгүн жана 4-топтогу мүлк салыгын төлөгөндүгүн текшерүү үчүн кайгуул кызматкерлери унааларды токтотуп, текшерүүгө алышты.

“Эки сааттын ичинде унаага болгон салыкты төлөбөгөн тогуз айдоочу аныкталып, салык кызматы тарабынан тийиштүү чаралар көрүлдү”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий