• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

ЕККУнун төрайымы Өзбекстанга келет

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 09.04.21. /Кабар/. 13-14-апрель күндөрү Өзбекстанга Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) төрайымы, Швециянын тышкы иштер министри Анн Кристин Линде келет деп күтүлүүдө. Бул тууралуу Gazeta.uz сайты өзбек президентинин басма сөз катчысы Шерзод Асадовго шилтеме кылып кабарлады.

Анын айтымында, сапардын жүрүшүндө Анн Кристин Линдени өлкө башчысы Шавкат Мирзиёев кабыл алат.

«Өзбекстандын ЕККУ менен кызматташып жатканына 25 жылдан ашты, бул биздин өлкөнүн аталган уюм менен ачык жана динамикалуу иштешип жатканын көрсөтөт. Биз мындан ары да мамлекеттин жана коомдун жашоосундагы бардык тармактар боюнча белгиленген өзгөрүүлөрдү ишке ашырууда ЕККУ менен кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдарбыз», — деди Асадов.

Ал ошондой эле Анн Кристин Линденин сапары «акыркы жылдары өзгөчө активдешкен» Өзбекстан менен Швециянын ортосундагы кызматташтыкты жаңы деңгээлге чыгарат деген ишенимин билдирди.

2020-жылдын ноябрь айынан быйыл февралга чейин эки өлкө ортосунда бир нече жолу саясий кеңешмелер өткөн.

Пикир

Оставить комментарий