• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Москвада кармалган тажик жарандарынын туугандары айыптоолор менен макул эмес

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

БИШКЕК, 24.08.17. /Кабар/. Москвада теракттарды жасоого даярдык көргөн деген айып менен камакка алынган үч тажик мигрантынын туугандары алардын өз ара байланышы жок экенин билдиришүүдө. Айтымдарында, ФКК аларды кантип бир жерден чогуу кармагандыгы да түшүнүксүз болууда. Алардын бардыгы тең жакындарынын террористтик топко катыштыгы бар экенине ишенбей жатышат.

Сиёвуш Давронзода, Давлатёр Ходжиев жана Сулаймон Бурхонов Россия ФККсы тарабынан 14-августта кармалышкан. Атайын операциянын жүрүшүндө жалпысынан Россиянын бир жана Тажикстандын үч жараны болуп төрт киши колго түшкөн. Анда алардын метродо жана ири соода борборлорунда жардырууларды жасоого даярдык көргөндүктөрү кабарланган.

«Ал жакта алар менен эмне болгонун билип, сураштыра турган тааныштарыбыз жок. Балким уулумду кыйнап, коркутуп, кылмышты мойнуңа ал деп мажбурлашкандыр», — деди Сиёвуш Давронзоданын апасы Малика Мирзоева.

Кармалгандардын бири Сулаймон Бурхоновдун алыс тууганы Абдулхамид Сатторов андан кабар алуу үчүн тергөө абагына барганын, бирок аны дагы кармап, бир күн бою суракка алышканын билдирди. Айтымында, ал кечке жакын шаардан чыкпоо тил каты менен бошотулган.

Москвада теракттарды жасоого даярдык көргөн деген айып менен камакка алынган үч тажик мигрантынын туугандары алардын өз ара байланышы жок экенин билдиришүүдө. Айтымдарында, ФСБ аларды кантип бир жерден чогуу кармагандыгы да түшүнүксүз болууда. Алардын бардыгы тең жакындарынын террористтик топко катыштыгы бар экенине ишенбей жатышат.

Сиёвуш Давронзода, Давлатёр Ходжиев жана Сулаймон Бурхонов Орусия ФСБсы тарабынан 14-августта кармалышкан. Атайын операциянын жүрүшүндө жалпысынан Орусиянын бир жана Тажикстандын үч жараны болуп төрт киши колго түшкөн. Анда алардын метродо жана ири соода борборлорунда жардырууларды жасоого даярдык көргөндүктөрү кабарланган.

«Ал жакта алар менен эмне болгонун билип, сураштыра турган тааныштарыбыз жок. Балким уулумду кыйнап, коркутуп, кылмышты мойнуңа ал деп мажбурлашкандыр», — деди Сиёвуш Давронзоданын апасы Малика Мирзоева.

Кармалгандардын бири Сулаймон Бурхоновдун алыс тууганы Абдулхамид Сатторов андан кабар алуу үчүн тергөө абагына барганын, бирок аны дагы кармап, бир күн бою суракка алышканын билдирди. Айтымында, ал кечке жакын шаардан чыкпоо тил каты менен бошотулган.

Бул акыркы бир жыл ичинде Орусиянын укук коргоо органдары Тажикстандын жарандарын терроризмге айыптаган экинчи учур. Апрелде Петербург метросундагы терактты даярдаган деген шек менен Тажикстандын Содик Ортиков аттуу жараны кармалган.

Булагы: CENTRAL ASIAN

Пикир

Оставить комментарий