• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

МКК: 1-майдан тартып жаңы паспорт берилет

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Кыргызстанда 1-майдан тарта биометрикалык паспортторду берүү башталат. Ага Түштүк Корея 7,5 млн. доллар грант берген. Жаңы үлгүдөгү паспортто жарандын улуту көрсөтүлбөй турганы талкуу жараткан. Бул кандай чечилди жана паспорт берүү чын эле жакындап калдыбы?

Мамлекеттик каттоо кызматы 1-майдан тартып тартып биометрикалык-электрондук паспортторду берип баштайт. Аталган мекеме жарандардын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн, нике жөнүндө күбөлүктү, дегеле адамдын өздүгүн аныктаган бардык документтерди электрондук түрдө гана түзүп, кол жазма менен толтурууга тыюу салганы жатат.

Ошондой эле, паспорттун жаңы үлгүсүндө жарандын улуту көрсөтүлбөйт. Анда адамдын аты-жөнүнөн кийин жарандыгы гана белгиленип, туулган датасы, документтин номери жарактуу мөөнөтү жана колу түшүрүлөт. Жарандын улуту, жашаган жери, үй-бүлөлүк абалы жана үй-бүлө курамы тууралуу маалыматтар паспортто эмес, электрондук чипте сакталат.

"Жаңы паспорттун теориялык-нормативдик жумуштары аяктап, эми практика жүзүндө жумушка кирүүнүн алдында турабыз. Паспорт функционалдык жактан абдан кенен, шарттары жакшы. Аны жаран өз каалоосундай кылып колдонсо болот. Мисалы, бул электрондук паспорт бара-бара айдоочулук күбөлүк, пенсиялык китепче, медициналык карта сыяктуу беш документти ичине камтыйт. Эгер жаран банктык эсеп ачууну кааласа, аны да киргизип алса болот", - дейт дейт Мамкаттоо кызматынын басма сөз катчысы Мелис Эржигитов.

Расмийлердин билдиришинче, электрондук биометрикалык паспорттор жыл сайын мамлекеттик кызматтарды колдонгон эки миллионго жакын жаран үчүн ар кандай кызматтардын тез жана оңой болушуна мүмкүнчүлүк берет. Эгер ал жок болсо, ар кандай справкаларды чогултууга туура келет, бул өз кезегинде коррупция менен бюрократияга жол ачат деп айтылат.

Деген менен паспорттогу "Улут" деген графанын алынып салынышы бир катар каршы пикирлерди жаратып, паспорт албайбыз деген наарызылыктарга жол ачууда.

"Жаңы чыгуусу күтүлүп жаткан паспортторду канааттандырган жокмун. Мен муну бийлик миллиондогон кыргыз элинин пикирин эске албай, үстүнөн күлүп жатканы деп билем. Эгер менин азыркы паспортумдун мөөнөтү соңуна чыкса, жаңысын албайм, алгым да келбейт. Анткени менин паспортумда "кыргыз" деген графа болушу керек", - дейт активист Зулпидин Нурматов.

Паспорттогу улут деген графаны алып салуу, чипте гана сактоо элди бириктирүү, ынтымакты чыңдоодо ролу жогору болот деп чечмелеп келет Мамлекеттик катоо кызматы. Муну туура чечим катары көргөндөрдөн бири укук коргоочу Төлөйкан Исмалиова:

"Кыргызстанда токсондон ашуун улуттар жашайт. Жарандын улутун чипте сактоо түндүк, түштүк же кайсы жерлик деген көйгөйлөрдү толерантуу чечүүнүн жолу. Ошондуктан эл аралык деңгээлде дагы, конституциянын алкагында дагы бул тандоону туура деп эсептейбыз".

Ошентип, Кыргызстанда 1-майдан баштап кыргыз паспортунун жаңы үлгүсү боюнча документтерди кабыл алуу башталат. Ал эми 2004-жылы колдонууга кирген ID-карталар, башкача айтканда, учурда биз колдонгон паспорттор азырынча юридикалык күчүн жоготпогону менен, бара-бара колдонуудан такыр алынып салынат дешет расмийлер.

Булак: Би-Би-Си

Пикир

Оставить комментарий