• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте үч эм төрөлдү

Коом 0

Бишкек, 25-апрель /Кабар/. Бүгүн, 25-апрелде Бишкекте шаардын тургуну 34 жаштагы Аида Батыралиева үч эм төрөдү. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

2 эркек жана кыз кесар операциясы менен төрөлүштү.

Балдардын салмагы: кыз – 1668 грамм, экинчи баланын салмагы 1665 грамм, үчүнчү төрөлгөн баланын салмагы 1645 грамм болгон.

Медиктердин айтымында, Аида Батыралиева 24-апрелде саат 16:00до кош бойлуулуктун 31-32-аптасы, “Экстракорпоралдык уруктандыруу” деген диогноз менен ооруканага келген.

Эненин жана балдардын абалы канааттандырарлык, азыркы учурда алар реанимация бөлүмүндө жатат.

Пикир

Оставить комментарий