• 88.68
  • 95
  • 0.95

Энергетика министри "акылдуу" эсептегичтерди орнотуу иштерин активдештирүүнү тапшырды

Коом 0

Бишкек, 20.02.23. /Кабар/. Энергетика министри Таалайбек Ибраев "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААКсында жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жыйынга министрдин орун басары Таалайбек Толубаев, башкы дирекция жана компаниянын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жана филиалдарынын жетекчилери катышты.

Таалайбек Ибраев кышкысын керектөөчүлөрдү үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоонун маанилүүлүгүн айтып, келерки күз-кыш мезгилине даярдык көрүү иштери азыртадан башталыш керектигин белгиледи.

Энергетика министрлигинин башчысы быйылкы кышта ашыкча жүктөм менен иштеген трансформаторлордун кубаттуулугун жогорулатуу, авариялык абалга келгенде электр менен камсыздоону тез арада калыбына келтирүү үчүн электр тармактар ишканаларын жетиштүү авариялык резерв менен камсыздоо маселелерине токтолду.

"Акылдуу эсептегичтерди орнотуу боюнча ишти активдештирүү зарыл, анын негизги максаты – реалдуу убакыт режиминде керектелген электр энергиясын эффективдүү көзөмөлдөө, электр энергиясын берүүнүн жана керектөөнүн эсебин жогорку тактыкта жүргүзүү жана абоненттердин тынчын албастан эсептегичтердин маалыматтарын аралыктан окуу. Жабдуулар энергокомпаниянын менчиги болгондуктан, бардык эсептөө приборлору бекер орнотулушу керек", - деди ал.

Отурумдун жыйынтыгында Таалайбек Ибраев "КУЭТ" ААКга энергия менен камсыздоо боюнча ченемдик укуктук актыларын жаңылоо маселелерин кароону жана электр энергиясы менен камсыздоонун сапатын жогорулатуу боюнча долбоорлорду өз убагында ишке ашырууну тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий