• 88.68
  • 95
  • 0.95

Мектеп директорлорун тандоо. Өлкө боюнча тестирлөөнүн графиги

Коом 0

Бишкек, 20.02.23. /Кабар/. Мектеп директорлорунун бош кызмат орундарын ээлөөгө сынак өткөрүүнүн күндөрү белгилүү болду. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Тестирлөө төмөндөгү график боюнча өткөрүлөт:

Бишкек шаары – 2023-жылдын 28-февралында И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде өтөт.
Ваканттык орундардын саны – 4. Тестирлөө бир нөөмөттө өтүп, ага 25 талапкер катышат.

Ош облусу – 2023-жылдын 28-февралында Ош мамлекеттик университетинде өтөт.
Ваканттык орундардын саны – 83. Тестирлөө эки нөөмөттө өтүп, ар бир нөөмөткө 75ден талапкер катышат.

Чүй облусу – 2023-жылдын 28-февралында И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде өтөт.
Ваканттык орундардын саны – 43. Тестирлөө эки нөөмөттө өтөт.

Талас облусу – 2023-жылдын 1-мартында И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде өтөт.
Ваканттык орундардын саны – 6. Тестирлөө бир нөөмөттө өтүп, ага 20 талапкер катышат.

Ысык-Көл облусу – 2023-жылдын 1-мартында И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде өтөт.
Ваканттык орундардын саны – 11. Тестирлөө бир нөөмөттө өтүп, ага 25 талапкер катышат.

Нарын облусу – 2023-жылдын 1-мартында И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде өтөт.
Ваканттык орундардын саны – 9. Тестирлөө бир нөөмөттө өтүп, ага 20 талапкер катышат.

Жалал-Абад облусу – 2023-жылдын 1-мартында Ош мамлекеттик университетинде өтөт.
Ваканттык орундардын саны – 83. Тестирлөө эки нөөмөттө өтүп, ар бир нөөмөткө 75ден талапкер катышат.

Баткен облусу – 2023-жылдын 2-мартында Ош мамлекеттик университетинде өтөт.
Ваканттык орундардын саны – 36. Тестирлөө бир нөөмөттө өтүп, ага 70 талапкер катышат.

Ош шаары – 2023-жылдын 2-мартында Ош мамлекеттик университетинде өтөт.
Ваканттык орундардын саны – 1. Тестирлөө бир нөөмөттө өтүп, ага 8 талапкер катышат.

Пикир

Оставить комментарий