• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Тажикстандын башкаруу партиясы пара менен кармалган мүчөсүн катардан чыгарды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 09.10.17 /Кабар/. Тажикстандын Элдик демократиялык партиясы ири өлчөмдө пара алып жаткан жеринен кармалган мүчөсү, Экономиканы өнүктүрүү министрлигинин алдындагы Инвестицияларды программалоо жана аймактарды өнүктүрүү башкармалыгынын төрага орун басары Аскар Нурализоданы өз катарынан чыгарды.

Тажикстандын башкаруу партиясынын борбордук аткаруу комитетинен билдиришкендей, Аскар Нурализоданын Исмаил Сомони райондук кеңешиндеги ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду. Ал Тажикстандын Элдик демократиялык партиясынын мүчөсү катары депутат болуп шайланган болчу.

3-октябрда өлкөнүн антикоррупциялык мекемеси Аскар Нурализода $490 миң өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалганын билдирген. Анын үйүн тинтүү маалында дагы 10 миң доллар табылган.

Маалыматка караганда, аткаминер жергиликтүү тургундан Хатлон облусунун Жалолиддин Балхи районундагы канаттуулар чарбасын мамлекеттик инвестициялар программасына киргизүү үчүн 1 млн доллар пара сураган. Андан тышкары жубайына борбордон $70 миңге батир сатып берүүнү талап кылганы айтылууда.

Пикир

Оставить комментарий