• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Казакстанда аскер мектеп-интернатынын курсанты мерт болду

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 13.04.18 /Кабар/. Түштүк-Казакстан облусунда аскер мектеп-интернатынын курсанты каза болду. Казакстан Коргоо министрлиги билдиргендей, Шымкенттеги “Жас улан” аскер мектебинин тарбиялануучусу окуу иштери учурунда каза болгон.

Министрлик окуянын чоо жайын айткан жок. Териштирүү башталганы гана маалым.

Аскер мектеби дагы курсанттын өлүмү боюнча комментарий бере элек. Маалыматтарга караганда, окуя 12-апрелде болгон. Жергиликтүү ММКлар 16 жаштагы курсант мектеп-интернатта көз жумганын жазышты.

Републикалык “Жас улан” мамлекеттик аскердик мектеп-интернаты Казакстан Коргоо министрлигине карайт.

Пикир

Оставить комментарий