• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Экология министрлиги: 3785 даана балык уулоочу тор жок кылынды

Коом 0

Бишкек, 23.03.23. /Кабар/. 3785 даана балык уулоочу тор жок кылынганын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Ысык-Көл облустук милициясына 2022-жылдын октябрь айында мыйзамсыз балык уулоо үчүн синтетикалык торлорду сатып жаткан Т.С. аттуу жаран тууралуу маалымат түшкөн.

Аталган факт боюнча иш козголуп, Каракол шаардык сотунун токтомунун негизинде Бишкек шаарынын 64 жаштагы Т.С. аттуу тургуну жашап жаткан үй жана иштетип жаткан “Дордой” базарындагы эки контейнерде тинтүү жүргүзүлгөн.

Иш-чаранын жыйынтыгында 97 даана ак түстөгү каптарда жалпы 3785 даана синтетикалык балык уулоочу тор, 130 даана балык уулоочу экран табылып, каптарга мөөр чапталган.

Т.С. аттуу жаранга мыйзам чегинде чара көрүү үчүн Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматына тийиштүү материалдарынын көчүрмөлөрү келип түшкөн. Т.С.га карата 100 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салынып, ал толугу менен өндүрүлгөн. Ошондой эле жогоруда аталган балык уулоочу тор толугу менен жок кылынды.

Пикир

Оставить комментарий