• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

"Дордой" базарынын аймагынан бомба табылган жок – милиция

Коом 0

Бишкек, 21.07.23. /Кабар/. "Дордой" соода комплексинин аймагындагы "Алкан" базарында бомба коюлгандыгы тууралуу маалымат тастыкталган жок. Бул тууралуу Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди..

Мындан мурда "102" кызматына бомба коюлганы тууралуу маалымат түшүп, милиция кызматкерлери базардын аймагын курчоого алышкан. Базарга келгендер жана кызматкерлер эвакуацияланып, бомбаны ИИМдин Баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кинологдору издешкен.

Пикир

Оставить комментарий